Чек арадан 25 тоннадан ашуун беде уругу артка кайтарылды

“Достук” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 25 885 килограмм беде уругунун таңгагында маркировка жоктугу аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.

"Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылган" дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан