Владимир Путин эмне үчүн "Орешник" ракетасы мурда чыкпаганын айтып берди

Орусиянын "Орешник" ракеталык системасынын идеясы 1980-жылдары пайда болгонуна карабастан, керектүү материалдардын жоктугунан мурда түзүлө алган эмес. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Келечектеги технологиялар форумунун пленардык жыйынында билдирди.

"80-жылдардын аягында адамдар мындай системаларды жасоону ойлоно башташкан. Бирок, материалдар жок болгондуктан түзө алышкан эмес. Маселе ушунда болчу", - деген Путин.

Путиндин айтымында, азыркы күндө "Орешник" ракетасынын температурасы Күндүн бетиндеги температурага туура келет. Буга чейин Путин жаңы "Орешник" баллистикалык ракетасынын күчүн метеорит кулагандагы жарылуу күчү менен салыштырган.

"Орешник" — орусиялык орто аралыкка учуучу баллистикалык ракета. "Орешниктин" колдонулушу тууралуу биринчи жолу Путин 2024-жылдын 21-ноябрында билдирген.

"Орешник" ракетасы Европадагы каалаган бутага тийе алат. Ракетаны токтотуу же атып түшүрүү мүмкүн эмес. Себеби ракета секундасына 3 километрге чейин уча алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан