Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду орусиялык калыс Кирилл Левниковдун "Аль-Иттифак" менен болгон беттеште командалашы Жон Дуранды оюндан четтеткенине ачууланды.
Левников Дуранга 90+2-мүнөттө спорттук эмес кыймыл-аракети үчүн түз эле кызыл айып кагазын көрсөткөн. Ага чейин эле "Аль-Иттифактын" жарым коргоочусу Жоржинио Вейналдум жеңиш голун киргизген болчу.
Роналду командалашына көрсөтүлгөн кызыл айып кагазын өтө эмоционалдуу кабыл алды. Ал ортодо турган топту жини менен күйөрмандар тарапка тепкен.
Оюн 2:3 эсебинде "Аль-Иттифактын" жеңиши менен аяктады. Бул жеңилүүдн кийин "Аль-Наср" Сауд Арабия чемпионатынын турнирдик таблицасында төртүнчү орунга түшүп калды.