SUPER.KG порталынын маек төрүндө бул жолу "Фаридам", "Жубайым", "Сен дегенде", "Арзуу", "Көлдүк кыз" жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу, ырчы Алмаз Шаадаев болду.
Ырчы мырза маек учурунда чыгармачылык жолу, талкууга түшкөн жеке жашоосундагы бурулуш тууралуу да айтты. Ал жубайы менен түшүнбөстүктөр болгонун жана дайыма кызынын жанында болорун кошумчалады.
"Кызым, Мадинага 10 ай болуп калды. Кызым менен өмүр бою катташам. Азыркы учурда арабыз алыс болуп турат. Быйыл көптөгөн концерт, гастролдорду пландап алып Нарынга бара албай жатам. Кудай буюрса, сөзсүз түрдө кызымдын жанында болом. Кызымды эч убакта атасыз өсүшүн каалабайм" дейт ырчы.
Маекти толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.