Бүгүн, 23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында профессионалдык бокс кечеси болуп өттү. Анда орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен бул дивизион боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Дмитрий Биволдун реванш беттеши болду.
Мелдештин жыйынтыгында Дмитрий Бивол жеңишти камсыздап, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, буга чейин 2024-жылдын 12-октябрында Эр-Риядда Бетербиев менен Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн биринчи беттеш өткөн. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бивол үчүн профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болгон.
Видео: Prosport Kyrgyzstan