Билим берүү министри Кендирбаева Чүй жатак мектебин көрүп келди 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ, 22-февралда Чүй облусундагы жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн Чүй жатак мектебине барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, министр анда жатак мектептин абалы жана балдардын ортосундагы тарбиялык иштердин жүрүшү менен таанышты.
Мектептин директору Назгүл Мусаеванын айтымында, мектепте тарбиялануучулар үчүн музыкалык, кол өнөрчүлүк, спорт, шахмат ийримдери жана комузчулар тобу бар. Ошондой эле тарбиялануучуларды сергек жашоого үндөгөн окуу жана ден соолукту чыңдоо комплекси, тарбиялануучуларды чач тарач, косметология жаатында окутуу үчүн имарат курулган.
Жатак мектептин аймагында тарбиялануучулар үчүн курулуп жаткан 18 батирлүү үй бүтүрүүчүлөрдү социалдык коргоого алууда эң чоң мааниге ээ. Аларга коомдогу жүрүм-турум көндүмдөрүн берүү, оптималдуу жашоо жолун аныктоо, психосоциалдык жана физикалык ден соолукту калыбына келтирүү үчүн жол ачып берет”, – деди Кендирбаева.
Жатак мектепте спорт залды толугу менен жаңыртуу, устаканага жана окуу имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан