Франциянын түндүк-чыгышындагы Мюлуз шаарында белгисиз жаран адамдарга бычак менен кол салып, бир адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, кол салуу ишемби күнү эл көп жүргөн базардын жанында болгон. Анын кесепетинен беш адам жаракат алып, бир адам каза болгон. Ал эми кол салган адам дароо жеринде кармалган.
Жергиликтүү ЖКМлардын маалыматына караганда, шектүү 36 жаштагы Алжирдин жараны болгон. Ага карата мурда депортациялоо жөнүндө токтом чыгарылганы белгилүү болду.
Франциянын терроризмге каршы күрөш боюнча Улуттук прокуратура аталган факты боюнча тергөө иштерин баштаган.