Бетербиев менен Биволдун үчүнчү беттешин өткөрүү пландалып жатканы айтылды

Орусиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун үчүнчү беттешин 2025-жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу ТАСС басылмасы америкалык промоутер Боб Арумга таянуу менен жазып чыкты.

"Үчүнчү жолку беттеш сөзсүз керек. Биз муну алдын ала талкууладык. Биз муну 2025-жылдын аягына чейин ишке ашырабыз" деген Арум.

Бүгүн, 23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды

Эске салсак, 2024-жылдын 12-октябрында Эр-Риядда Бетербиев менен Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн биринчи беттеш өткөн. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бивол үчүн профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан