Перуда соода борбордун чатыры урап, адамдар жабыркады

Перудагы соода борборунун ашканалар жайгашкан (фуд-корт) аймагындагы чатыры урап, алты адам каза болду. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары өлкөнүн башкы укук коргоо органына таянып жазышты.

Маалым болгондой, "Real Plaza" соода борбору Трухильо шаарында жайгашкан. Окуя жума күнү кечинде болгон.

"Анын кесепетинен 78 адам жаракат алып, алты адам каза болду. Полиция жана өрт өчүргүчтөр издөө-куткаруу иштерин улантууда" деп жазылат маалыматта.

Өлкөнүн коргоо министри Вальтер Астудилло 30 жабырлануучу үйлөрүнө жөнөтүлгөнүн, 48и медициналык мекемеде калганын билдирген.

Калаа башчысы аталган соода борбору убактылуу жабылганын, Перу бийлиги башка соода борборлорунун коопсуздугун текшерүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал эми Прокуратура окуянын себептерин иликтөөгө киришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан