Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Маранхао штатынын Буритикупу шаары акырындап жер астына түшүп баратат. Жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Шаарда 55 миңге жакын адам жашайт. Учурда 1200гө жакын адам урап калуу коркунучунан улам үйлөрүн жоготуу алдында турат. Буга чейин бир нече имараттар талкаланган.
"Акыркы бир нече айдын ичинде чуңкурлардын көлөмү экспоненциалдуу түрдө көбөйүп, турак жайларга бир топ жакындап калды", - деп билдирди жергиликтүү маалымат каражаттары.
Чуңкурлар жамгырдын көп жаашынан, ошондой эле начар пландаштырылган курулуш иштеринин жана токойлордун кыйылышынын натыйжасында келип чыккан.