Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугушууда дагы бир кемсинтүүгө туш болду. Бул тууралуу Daily Express жазып чыкты.
Британиялык басылма Овал кеңсесинде Макрон менен Трамп биргеликте катышкан G7 лидерлеринин видеоконференциясындагы кадрга көңүл бурган. Анда француз кесиптеши столдун эң четине отурса, Трамп өзү эркин жана кенен отурганын көрүүгө болот.
Буга чейин чет элдик басылмалар Макрон Ак үйгө келгенде аны Трамп тосуп алууга чыкпаганын, мындан улам Макрон имаратка жалгыз киргенин жазышкан.