Трамп Зеленский менен качан жолуга турганын айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен ушул же кийинки аптада жолугат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Трамптын айтымында, орус-украин согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошону менен катар Киев администрациясы менен баалуу металлдар боюнча келишимдин аягына чыгайын деп калган.

"Мен президент Зеленский менен жолугам. Негизги келишимге кол коюу үчүн Зеленский ушул жума же кийинки жума келет. Бул эң сонун болмок. Учурда сейрек кездешүүчү металлдар жана башка бир катар келишимдер боюнча иштер жүрүп, соңуна чыкканы калды", - деген Трамп.

Ошону менен катар Трамп сөз болуп жаткан келишимдер АКШ менен Украинанын экономикасына чоң салым кошо турганын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан