SUPER.KG порталынын Кавер SHOW долбоорунун бул жолку чыгырылышында “Бул сүйүүнүн баяны” ырын ырдап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган Алсейит Мырза менен Айназик Разилова конок болду.
Алар Марина Райч эмне себептен ырдабай калганы тууралуу талкуу болуп жаткан суроолорго жооп берип, жеке жашоолору, чыгармачылыгы боюнча маек курушту.
"Биринчи негизи Айназик ырдаган. Ал өзүнө жакпай калган. Кийин Маринага сунуштаганбыз. Ошентип Марина менен ырдап калганбыз. Азыр Марина хиджап кийип, намаз окуп, музыканын таштайм деген чечим кабыл алыптыр.
Көбү айтып атышат, "күйөөсү уруксат бербей койду", күйөөсү кызганды", "Алсейит өзү ырдатпай койду" дешип. Ал өзүнүн чечими болду окшойт" деди Алсейит Мырза.
Толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.