АКШнын соту президент Дональд Трамптын 12 трансгендерди эркектер түрмөсүнө которуу буйругуна убактылуу тыюу салды.
"Федералдык сот дүйшөмбү күнү президент Дональд Трамптын буйругуна карабай, Юстиция министрлигине 12 трансгендер аялдарды эркектердин түрмөсүнө которууга тыюу салды", - деп жазат USA Today басылмасы.
Басылма сот мындай чечимди алар эркектердин абагына которулганда коопсуз болушунан күмөн санап кабыл алганын белгилейт.