
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Менар" коомдук фонду менен биргеликте Москва районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү.
Министрликтен билдиришкендей, кайрымдуулук акциясынын алкагында муктаж болгондорго азык-түлүк баштыкчалары тапшырылды.
Эмгек министрлиги калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча өз ишин улантып, жардамга муктаж болгондорго өзгөчө көңүл бурарын кошумчалашты. Долбоорлорду каржылоо "Hasene "фонду тарабынан жүргүзүлгөн.