Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусияда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына алардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин эскертти.

Маалыматка ылайык, 30-апрелге чейин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө же алардын укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү.

Ал үчүн Орусияда жүргөн Кыргыз жарандары өздөрүн мыйзамсыз жүргөн адамдардын тизмесинен текшериши керек. Алар migrant.kg сайтында контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш кара тизмелер бөлүмүндө ”алдын ала тизме” бөлүмчөсүндө текшерүүсү зарыл.

Эгерде аты-жөнүңүздү ушул тизмеден тапсаңыз, анда төмөнкүлөрдү жасашыңыз керек:

  • Чет өлкөлүк жарандарды биометрикалык идентификациялоодон (дактилоскопия - манжалардын издерин тапшыруу жана сүрөткө түшүү процедураларынан) өтүңүз;
  • Медициналык текшерүүдөн өтүңүз (эгерде мурда өтпөсөңүз же сертификаттын жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе (12 ай). Бул мезгилде медициналык текшерүүдөн миграциялык карта жок болсо дагы өтүүгө болот;
  • Милдеттүү төлөмдөр боюнча болгон карыздарды төлөө;
  • Карыздарды Орусиянын Федералдык сот приставдар кызматынын расмий сайтынан текшере аласыз.

Орусияда эмгектенүүгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар Орусиянын ИИМинин аймактык органына Орусияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз беришет жана иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн беришет.

"Орусияда миграциялык каттоо эрежелерин бузуу менен жүргөн, эмгек ишмердигин мыйзамсыз жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле 2025-жылдын 5-февралына чейин жүргөн, бирок өздөрүнүн укуктук статусун мыйзамдаштырууну каалаган жана 1-апрелден 30-апрелине чейинки мезгилде Орусиянын ыйгарым укуктуу органдарына тиешелүү арыз менен кайрылган адамдарга кирүүгө жана административдик чыгарып салууга уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынбайт" деп жазылат анда.

Суроолор боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп.5

Телефон: 8 495 197 76 71 (кошумча 203; 205; 204 - иш күндөрү, дүйшөнбү-жума саат 9.00-18.00 чейин); +7 925 030 26 27, ал эми +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан