Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде франциялык балбан Ибрагим Ганемди 6:1 эсебинде жеңди.
Белгилүү болгондой, мелдеш бүгүн, 25-февралда Алматы шаарындагы “Балуан Шолак” аренасында өтүп жатат.
Маалымат үчүн: Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Орусияда түзүлгөн. Ал алгач Poddubny Wrestling League деген ат менен мелдештерди уюштурган. Уюм жалпы эсеп менен 7 мелдеш өткөрсө, анын бири Бишкекте болгон.
Видео: Prosport Kyrgyzstan