Колумбиянын президенти Густаво Петро Украинанын лидери Владимир Зеленскийди АКШ менен сейрек кездешүүчү металлдарды казуу боюнча келишимге макул болуп жатканын сынга алды.
"Алар славян бир туугандары менен согушуп, аягында Украинаны америкалыктарга берип жатышат. Акылсыздык!", - деп жазган ал Х социалдык тармагындагы баракчасына.
Шейшембиде Financial Times Киев Вашингтон менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимдин жаңы шарттарына макул болгондугун, АКШ мындай жол менен компенсация катары 500 миллиард доллар талап кылуудан баш тартканын жазды. Басылманын маалыматына караганда, Владимир Зеленский жакынкы апталарда Вашингтонго Дональд Трамп менен минералдык келишимге кол коюу үчүн барышы мүмкүн.
Буга чейин Зеленский Киевдин АКШга болгон 500 миллиард доллар карызын тааныбай турганын, Вашингтон сунуштаган келишимдерге кол койбостугун билдирген.