Бүгүн, 3-мартта "Бопуш" каймана аты менен таанылган Марат Жанталиев көзү тирүү болгондо 64 жашка толмок. Ал 2020-жылдын июнь айында каза болгон.
Маркум актёрдун сахнадагы өнөктөшү, "Сакиш" деп таанылган актриса Айнура Тургунбаева Марат Жанталиевди эскерди.
"Мына ушинтип Бопуштун түбөлүк гастролго кеткенине 5 жыл болду. Бүгүн, 3-март Бопунямдын туулган күнү болчу. Аттиң ай, азыр арабызда болгонуңда 64 жашка чыкмак экенсиң. Шум ажал эрте алып кетти го! Бопуням сен менин дайыма жүрөгүмдөсүң. Аллахым бейиштен орун берсин, жаткан жериң жайлуу, топурагын торку болсун. Аллахым караңгы жериңди жарык кылсын. Жаткан жериң гүл бакча болсун!", - деп жазды Айнура Тургунбаева социалдык тармактагы баракчасына.