Дагестандын Новолакский районундагы Новокули айылында эркин күрөш боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн бир нече миң адам келген. Мындан улам полиция кызматкерлери райондун кире беришине күзөткө турушкан. Спортчунун мүрзөсү 19-кылымдын чечен баатыры Байсангур Беноевскийдин сөөгү коюлган жерден 100 метр алыстыкта жайгашкан.
Маркум менен коштошууга Чеченстан жана Дагестандан спортчулар, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана тургундар келишкен.
Бувайсар Сайтиев эркин күрөш тарыхындагы эң атактуу балбандардын бири. Ал үч жолку Олимпиада чемпиону (1996, 2004, 2008), дүйнөнүн алты жолку чемпиону (1995, 1997, 1998, 2001, 2003, 2005), Европанын алты жана Орусиянын төрт жолку чемпиону болгон.
Ал 2-мартта Москвадагы ооруканалардын биринде каза болгон.