Бишкекте мурдагы "Ак-Кула" ат майданынын ордуна жаңы шаарчанын курулушу башталды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта Бишкекте мурда "Ак-Кула" ат майданы жайгашкан жерде 60 миң кишиге ылайыкталган “Роял Сентрал Парк” аталышындагы жаңы шаарчанын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы ат майдан ээлеген аймакка 23 миң батир, 45 миң чарчы метр эл аралык соода түйүнү, коммерциялык жана кеңсе жайларына арнала турган 55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мындан сырткары мектеп, оорукана, мейманкана баштаган социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагында сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт.

23 миң батир үчүн 25 миң унаа токтотуу жай дагы эске алынууда. Жалпысынан бул шаарча 60 миң адам үчүн ылайыкталат.

Бул долбоорду шаар куруу жана дизайн боюнча дүйнөдө аты белгилүү жапондордун “Никкен Секкей” (Nikken Sekkei) архитектуралык фирмасы иштеп чыккан.

Мамлекет башчысы бул шаарчадан Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 миңден ашык жаранга үй берүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан