Бишкектеги “Сейтек” балдар улуттук борборунда кечээ, 15-мартта турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мекеменин кызматкерлерине жемиштүү эмгеги жана борборубуздунөнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Конокторго кыргыз эстрада жылдыздарынын жана бий топторунун катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Анда үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн адистер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, "Эмгек сиңирген ардагери" төш белгиси, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын I, II, III даражадагы мыкты кызматы үчүн төш белгилери, Ардак грамоталары, "Мыкты эмгек сиңирген ардагери" төш белгиси, Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Учурда “Тазалык” ишканасында 2000дин тегерегиндеги кызматкер иштейт жана шаардын жолдорун, тротуарларын, газондорун шыпырып-тазалоо, каттуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, кышкысын кар, музду тазалоо, тапшырыктар боюнча жолбун жаныбарларды кармоо иштерин аткарат.