Кечээ, 15-мартта милициянын отставкадагы генерал-майору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Бейше Молдогазиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-мартта Бишкек шаарында өтөт.
Генерал, легендарлуу парламенттин депутаты Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Тянь-Шань районунун Оттук айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин өз айылында эки жыл иштеп, 1959-жылы Фрунзе шаарындагы дене тарбия институтуна тапшырган. 1961-жылы үлгүлүү студент катары Москва шаарынын Мамлекеттик борбордук Ленин орденинин дене тарбия институтуна (ГЦОЛИФК) которулган.
Окуу жайды аяктагандан кийин 1963-1964-жылдары Нарын шаарындагы балдар спорт мектебинде иштеген. Ошол убакыттан бери Молдогазиев өмүр бою өзүн элге кызмат кылууга арнаган. Ал комсомолдук, партиялык, өкмөттүк, коомдук иштерде эмгекчил, адилеттүү жана демилгелүү болгон жана ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган.
1978-жылга чейин Кыргызстан ЛКСМ БКнын сектор башчысы, бөлүм башчысы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БКнын пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн инструктору, Кыргызстан ЛКСМ БКнын катчысы, Кыргызстан КП БКнын партиялык уюм бөлүмүнүн инспектору болуп иштеген.
1978-1983-жылдары Кыргыз Республикасынын КП Нарын облусунун катчысы болуп иштеген, бир нече жолу облустук кеңештин депутаты болуп шайланган. Иштеп жүрүп өз учурунда Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, экономист адистигине ээ болуп, Алматы жогорку партиялык мектебин аяктаган.
1983-1993-жылдары республиканын Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн: саясий бөлүмдүн башчысы жана ички иштер министринин орун басары.
Өзгөчө эмгеги бааланып 1991 – жылы СССР Президентинин жарлыгы менен ага милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган. Ошондой эле ал көптөгөн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктардын ээси болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.