Жеңишбек Токторбаев Оштогу кайгуул кызматына унааларды тапшырды (фото)

Бүгүн, 17-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында шаардык коммуналдык кызматтарга 8 жаңы атайын техника (2 “Shacman” маркасындагы жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор, 2 автожүктөгүч, 2 манипулятор) жана шаардык кайгуул кызматына 4 жаңы жеңил унаа берилди.
Калаа мэриясы билдиргендей, техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырды.
Белгилей кетсек, 4 жеңил унаа «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин атынан «Ош Газ» ишканасынын жетекчиси Рашид Тагаев, 8 даана атайын техника «Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын «Базис-М» соода маркасынын башкы директору Максат Чунуев тарабынан берилди.
Аталган техникалар жеринде Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына бөлүштүрүлдү.
Эске салсак, эки айдын ичинде Ош шаарына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 50гө жакын атайын техника берилип, Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан