Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский Европанын тышкы иштер министрлеринин 17-марттагы жыйынында Дональд Трамптын администрациясы каржылоодон ажыраткан "Азаттык" радиосун колдоонун ар кандай жолдорун карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, ал жыйында радионун келечектеги пайдасын аныктап алуу керектигин айткан.
Ал эми Евробиримдиктин башкы дипломаты Каджа Калластын айтымында, Евробиримдик “Азаттык" радиосун каржылоону автоматтык түрдө өзүнө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, бирок кырдаалды изилдеп, долбоорго кандай жардам бере аларын түшүнүшү керек.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп жети агенттикти кыскартуу боюнча буйрукка кол койгон. Алардын арасында "Азаттык" да бар экендиги айтылган.