Жогорку Кеңештин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев ЖККУ ПАнын Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан командалык-штабдык машыгууларга катышууда. Бул туурасында ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, Алишев ЖККУнун жамааттык күчтөрүн колдонууда атайын шарттарды түзүүгө жана чечүүгө багытталган моделдик актыларды даярдоо максатында, Ассамблеянын өкүлдөрүнүн мындай иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"ЖККУ ПАнын делегациясы Жамааттык күчтөрүн түзүүгө жана ыкчам жайгаштырууга, анын ичинде аскердик-техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган уюмдагы органдардын чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана сунуштарды даярдоо үчүн катышып жатат. Парламенттер аралык кызматташтык жана Жогорку Кеңеш үчүн аймактардагы кырдаалды талдоо, кризистик кырдаалдарга чара көрүү жана жөнгө салуу жол-жоболорун өркүндөтүү, ошондой эле тиешелүү түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү маселелери өзгөчө кызыгууну жаратат", - деп билдирди Шабданбек Алишев.
Белгилей кетсек, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын катчылыгынын өкүлдөрү кризистик кырдаалдарга чара көрүү борборундагы функционалдык топтордун иштөө алгоритми менен таанышуу үчүн машыгууга байкоочу катары катышууда. 17-мартта башталган стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу 20-мартка чейин уланат.