Италияда толугу менен жасалма интеллект тарабынан жазылган дүйнөдөгү биринчи гезит жарык көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, "Il Foglio" гезити толугу менен жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн биринчи санын чыгарды. Аталган гезиттин бул түрү бир ай бою күн сайын чыгарылып турат.
"Il Foglio" гезитинин редактору Клаудио Сераса билдиргендей, биринчи чыгарылыш төрт барактан турат жана андагы бардык тексттер, баш саптар жана цитаталар жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн. Ал эми чыгарылган гезитти интернеттен же атайын гезит сатуучу жайлардан алса болот.