АКШнын Улуттук архиви Кеннединин өлүмүнө байланыштуу иштерди коомчулукка жарыялады

АКШнын Улуттук архиви Американын 35-президенти Жон Кеннединин өлүмү тууралуу далилдерди жарыялады. Кеннединин агасы Роберттин жана коомдук ишмер Мартин Лютер Кингдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу документтер да ачыкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Архивде Жон Кеннединин өлүмүнө байланыштуу 6 миллиондон ашык барак документтер, сүрөттөр, аудио жана видео жазуулар, ошондой эле буюм далилдери бар. Азыр даректүү жыйнактын басымдуу бөлүгү окурмандарга жеткиликтүү, калганы кийинчерээк басылып чыгат. Архив сайтында көрсөтүлгөндөй, кээ бир маалыматтар дагы эле санариптештирүүнү талап кылат.

Документтерди ачыкка чыгарууга азыркы Ак үйдүн башчысынын буйругу себеп болгон. Дональд Трамп ага 2025-жылдын 23-январында кол койгон.

Февраль айында АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Анна Паулина Луна федералдык документтерди жарыялоо боюнча иш башталганын жарыялаган. Адистештирилген комиссия Жон Кеннединин өлтүрүлүшүнөн тышкары 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү пландаган. Луна айым бийликтер маалыматты "ондогон жылдар бою" жашырып келгенин жана "америкалыктарга алар татыктуу жоопторду берүүгө убакыт келди" деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан