UFC: Магомед Анкалаев рекордсмен Алекс Перейра менен реванш өткөрүү күнүн макулдашты

Орто жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону (93 килограммга чейин), орусиялык мушкер Магомед Анкалаев бразилиялык Алекс Перейра менен реванштын датасын азыртан эле биле турганын айтты.

"Мен реванш өтө турган күндү билдим жана аны кабыл алдым. Менин атаандашым да кабыл алат деп ишенем. Бул жолку беттеш беш раундга созулбайт”, - деп жазды Магомед Анкалаев өзүнүн социалдык түйүндөрүндө.

Перейра менен Анкалаевдин беттеши 9-мартта Лас-Вегастагы UFC 313 турниринде өткөн. Анда орусиялык мушкер 5 раунддун жыйынытыгы менен жеңүүчү деп табылып, уюмдун жаны чемпиону болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан