Футбол: Дүйнө чемпиондугуна алгачкы ирет азиялык команда жолдомо утту

Футбол боюнча Япония улуттук курама командасы эң алгачкылардан болуп 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды.

Бүгүн, 20-мартта Япония өз үйүндө Бахрейн курамасын кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Муну менен Япония өзүнүн тайпасында жалпы 19 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда Дүйнө чемпиондугуна чыкты.

Учурда АКШ, Канада жана Мексика турнир ээси катары Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо камсыздаган. Япония Дүйнө чемпиондугуна жолдомо уткан биринчи өлкө болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан