"Ак шумкарлардын" негизги оюнчусу маанилүү оюндун алдында жаракат алып калды

Кыргызстандын улуттук курама команданын оюнчусу Алимардон Шукуров, бүгүнкү Өзбекстан - Кыргызстан беттешинде оюн талаасына чыкпайт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалымдалгандай, Шукуров кураманын карамагына келээрдин алдында өз клубунда жаракат алып калган. Улуттук кураманын медициналык адистеринин бир катар аракеттерине карабастан, оюнчу калыпка келген жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун үчүнчү турдук оюндарынын алкагында Өзбекстан курама командасына каршы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан