Батыш Казакстан облусунун Таскалин районунда жергиликтүү тургундар дагы бир учкучсуз учак кулаганын кабарлашты. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, окуя 18-мартта болгон. Бул дрон аталган облустун аймагына чек арадан өткөн экинчи учур экендиги маалыматта кошумчаланган.
Белгиленгендей, дрондо “Грань-2” деген жазуусу бар. Ал ирандык камикадзе дронунун орусча версиясы.
Жерине тийиштүү кызматтар жиберилген, милиция окуя боюнча толук маалымат бербегендиги айтылган.