Эртең, 21-мартта президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Ош шаарынын эли менен тостот. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, майрамдык салтанат борбордук аянтта саат 10:00дө башталат.
Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын маданият башкармалыгы кызуу даярдык көрүүдө.