Камактагы Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу үч саат көрсөтмө берип, коррупция, паракорлук жана террористтик ишмердүүлүккө көмөк көрсөтүү боюнча бардык айыптарды четке какты. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышты.
"Тергөө жалаа жабууга жана кылмышты моюнга алдырууга багытталган. Тергөөнүн логикалык, юридикалык же ынандырарлык жагы жок", - деген мэр.
Маалыматка ылайык, Имамоглу үч саат көрсөтмө берген. Стамбул шаарынын мэринин иши боюнча соттук отурум бүгүн, 22-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө болушу мүмкүн.
Шаар башчысы 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Мунун фонунда түрк лирасынын курсу рекорддук деңгээлге түшүп, Стамбулдун борбордук көчөлөрү жабылып, негизги социалдык түйүндөр жана мессенжерлер иштебей калган.
Имамоглу оппозициядагы Республикалык элдик партиянын лидерлеринин бири жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы. Кармалганга бир нече күн калганда анын диплому жокко чыгарылган.