Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборунда болгон терактка бир жыл болгондугуна байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети билдирүү жасады.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, теракт "Орусиядагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында дос эмес мамлекеттин атайын кызматтары тарабынан" пландалган жана уюштурулган. Тергөө комитети кеп кайсы өлкө жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.
"Терактты Борбор Азиянын алты жараны уюштурган, алардын айрымдары башка ат менен жүрүшөт. Алар учурда чет өлкөдө жана сыртынан камакка алынып, аларга издөө жарыяланган.
Аталган жарандар чабуулду уюштурган төрт адамды: Далержон Мирзоев, Мухаммадсобир Файзов, Шамсиддин Фаридуни жана Саидакрам Рачабализоданы жалдашкан", - деп билдирди Орусиянын Тергөө комитети.
"Крокустагы" терактка айыпталган 19 адам боюнча тергөө иштери аяктады. Азыр алар материалдар менен таанышып жатышат. Андан соң иш сотко өткөрүлөт. Алардын арасында террорчуларга колдоо көрсөткөн деп шектелген жарандар да бар. Тактап айтканда, алар турак жайды ижарага алууга жардам берген, транспорт жана курал-жарак менен камсыз кылган, ошондой эле кылмышты каржылаган деген шек менен кармалышкан.
Белгилей кетсек, окуя былтыр дал ушул күнү, тагыраагы 22-мартта Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон. Андагы теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган.