Владимир Зеленский күтүүсүздөн Донецк менен чек арага барды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк менен Днепропетровск облусунун чек арасына келди. Видео анын тelegram каналына жарыяланды.

"Украинага жардам берип жаткандардын бардыгына ыраазычылык билдирем", - деди ал жерге барган Зеленский.

Ал каза болгондордун элесине таазим этип, андан соң Кызыл Армия багытында коргонуу иштерин жүргүзүп жаткан Покровск тактикалык тобунун командалык пунктунда жыйын өткөргөн.

Белгилей кетсек, украиналык саясатчы көптөн бери байланыш линиясына келе элек болчу. Анын акыркы сапарлары дээрлик дипломатиялык аракеттер менен байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан