Казакстанда Нооруз майрамы учурунда үркүгөн ат адамдары аралап кетти (видео)

Коңшу Казакстандын Жамбыл облусунун Кызылшаруа айылында Ноорузз майрамы өтүп жаткан маалда үрккөн ат сахнанын жанында отургандарды аралап кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Бул окуя боюнча Рыскулов районунун акимиаты комментарий берген.

"2025-жылдын 22-мартында Акбулак айыл аймагынын Кызылшаруа айылында Нооруз майрамына арналган иш-чарада театрлаштырылган оюн-зоок учурунда үрккөн ат көрүүчүлөрдү көздөй чуркап кеткен", - деп билдирген акимиат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жок жана окуядан кийин майрамдык иш-чара уланган.

Ал арада социалдык тармактарда окуя болгон жерден тартылган кадрлар пайда болду. Видеодо аттын башкаруудан чыгып, отурган адамдарды көздөй чуркаганын көрүүгө болот. Ал алардын арасына секирип, бир нече адам жыгылган. Видеодо чоңдордун кыйкырган үндөрү, балдардын ыйлаган үндөрү угулат.

Казакстанда үрккөн ат элди аралап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан