Сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алды

Түркиянын соту коррупцияга шектелип кармалган Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Сот Экрем Имамоглудан тышкары анын кеңешчиси Мурат Онгун менен IPAнын президенти Бугра Гөкчени дагы камакка алуу чечимин чыгарган.

Жалпысынан айыптоочу тарап коррупцияга шектелген 89 адамды камакка алууну суранган, бирок сот алардын айрымдарын эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган.

Шаар башчысы 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Мунун фонунда түрк лирасынын курсу рекорддук деңгээлге түшүп, Стамбулдун борбордук көчөлөрү жабылып, негизги социалдык түйүндөр жана мессенжерлер иштебей калган.

Имамоглу оппозициядагы Республикалык элдик партиянын лидерлеринин бири жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы. Кармалганга бир нече күн калганда анын диплому жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан