Дональд Трамптын өкүлү Курсктагы Украинанын куралдуу күчтөрү оор абалда экенин жарыялады

Курск аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан украин күчтөрү курчоого алынгандыктан оор абалда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын жакынкы чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф журналист Такер Карлсонго берген маегинде айтты.

"Курск деген аймакта Украина аскерлери курчоого алынган, бул факт. Бул согуш талаасында олуттуу кырдаал", - деген Уитткофф.

Ошондой эле Уиткофф бул кырдаалды жөнгө салуу керектигин кошумчалаган.

Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусуна 2024-жылдын август айында басып кирип, андан бери аймакта салгылашуулар жүрүп жатат. 2024-жылдын декабрынын башында Орусиянын президенти Владимир Путин Алексей Смирновдун ордуна Александр Хинштейнди аймактын губернаторунун милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Түз эфир учурунда Путин орус аскерлери Курск аймагынан Украинанын куралдуу күчтөрүн сөзсүз толугу менен кууп чыгарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан