Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте өтө турган Кыргызстан-Катар беттешин малайзиялык калыстар тобу тейлейт.
ФИФА калысы Насаруддин Мухаммад Назми калыстар бригадасын жетектесе, ага эми каптал сызыкта Халил Тан Мухамад Зайрул жана Зайнал Абидин Мухаммад Му Ази жардам беришет. Ошондой эле, Туан Мохд Ханафиах резервдик арбитр болуп дайындалды.
VAR-системасында дагы кытайлык адистер Фу Минг жана Жин Жуян иштешет.
Оюн 25-март күнү Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо өтөт.