Кыргызстанга бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол келди. Ал бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарындагы "Бивол" бокс залынын жанында күйөрмандары менен жолугушту.
Жолугушууга жүздөгөн адам келип, мушкерди көрө алышты. Арасынан айрым күйөрмандар суроолорун берип жетишишти. Андан кийин күйөрмандар мушкерден кол тамга алып, Бивол жолугушууга келген бардык күйөрмандар менен сүрөткө түштү.
23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталган.
Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.