Дагы бир өлкө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чыкты

Футбол боюнча Жаңы Зеландия улуттук курама курамасы 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын бешинчи катышуучусу болду.

Тандоо турниринин финалында Жаңы Зеландия Жаңы Каледонияны 3:0 эсебинде утуп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомону камсыздады.

Муну менен Жаңы Зеландия 2010-жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Учурда Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 5 өлкө белгилүү болду. Алар: АКШ, Канада, жана Мексика (турнир ээси), Япония, Жаңы Зеландия.

2026-жылдагы дүйнө чемпионатына жалпысынан 48 команда катышат. Алар ар бири төрт командадан турган 12 тайпага бөлүнөт. Алгачкы эки мыкты команда, ошондой эле үчүнчү орунду алган сегиз мыкты команда плей-оффко чыгышат. Турнир 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан