Дубай полициясы оор абалда табылкан украиналык 20 жаштагы модель Мария Ковальчуктун өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган деген версияны карап жатат. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, күбөлөр полицияга кызды жоголгонго аз калганда курулуш жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанынан көрүшкөнүн айтышкан. Алардын айтымында, Ковальчук ошондо эле өзүн башкача алып жүргөн.
Модель эки бейтааныш адамдын коштоосунда кечеден чыгып, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Бирок бул укук коргоо органдары карап жаткан жалгыз версия эмес.
Мария Ковальчук 19-мартта Дубайдагы ооруканада оор абалда жаткан жеринен табылган. Жакындары аны татуировкасынан таанышкан. Кыз дагы деле оор абалда эс-учун билбей жатат.