Бириккен Араб Эмираттарынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, португалиялык адис Паулу Бенту ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу БАЭ футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Машыктыруучу менен анын штабынын кызматтан алынышынын себеби азырынча тактала элек. Өлкөнүн Футбол ассоциациясы машыктыруучу жана анын жардамчылары менен келишимдер токтотулганын билдирди.
Португалиялык адистин жетекчилиги астында БАЭ курамасы акыркы беттешин кечээ, 25-мартта Түндүк Кореяга каршы өткөрдү. Анда БАЭ 2:1 эсебинде кошумча берилген убакытта гол жаратып, жеңишке жетти.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турниринде БАЭ Өзбекстан менен бир тайпада болуп, 3-орунда турат. Команданын эсебинде 13 упай бар жана экинчи орундагы Өзбекстандан төрт упайга артта.
Белгилей кетсек, БАЭ кийинки беттешин Өзбекстанга каршы өткөрөт. Оюн 5-июнда БАЭде өтөт. Бул оюнда Өзбекстан курамасы жеңишке жетсе же тең чыкса, тарыхта биринчи ирет Дүйнө чемпиондугуна катышат.