Дания Орусия тараптан күчөгөн коркунучтун шартында өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жогорулатуу үчүн 2026-жылдан тарта аялдар үчүн милдеттүү аскердик кызматты киргизет. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Даниянын коргоо министри Троэлс Лунд Поулсен белгилегендей, өкмөт адегенде аялдар үчүн 2027-жылдан тарта милдеттүү аскердик кызматты киргизүүнү пландаган. Бирок, кийин өкмөт реформаны тездетүүнү чечкен.
Эми Данияда аялдар дагы милдеттүү түрдө аскерге чакырыла баштайт.
Учурда Данияда аялдар армияга өз каалоосу менен бара алышат. Ал эми эркектер 18 жашынан баштап армияга чакырылат.
Бул Европадагы аялдардын аскерге чакырылышынын биринчи учуру эмес. Швецияда 2017-жылдан бери кыз кишилер аскерге чакырылат. Мындай мыйзам Норвегияда дагы бар.