Казакстан мындан ары мамлекеттик бюджеттен чет элдик спортчуларга колдоо көрсөтпөйт

Коңшу Казакстандын Сенаты өлкө бюджетин натыйжалуу пайдалануу үчүн Казакстандын спорт мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

"Эми каражатты бөлүштүрүүдө улуттук федерацияларга артыкчылык берилип, профессионалдык клубдарды каржылоо балдар жана массалык спорттун пайдасына кыскартылат.

Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүү Олимпиада, Паралимпиада, Сурдлимпиада, Азия оюндарында жана Пара оюндарында жогорку натыйжаларга жетишүүгө көңүл бурууга жардам берери белгиленген", - деп жазылат анда.

Жергиликтүү бийлик органдарына спорттук кызматтардын баасын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, ал эми спортчуларды даярдоо жаңы стандарттар жана спорттук медицинаны колдоо менен күчөтүлөт.

Ошондой эле Казакстанда чет элдик спортчуларды бюджеттен каржылоого тыюу салынып, мамлекеттик спорт уюмдарынын жетекчилери такай алмашып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан