Курскта аял кишинин үйүнө украиналык аскерлер бир ай жашаган. Ал бир ай бою жер төлөдө жашынып жаткан

Курск облусунун чек ара аймагында жашаган аял киши өз үйүнүн жертөлөсүндө бир айга жакын убакыт өткөргөн, ал эми Украинанын куралдуу күчтөрү ал жерде жашаган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги окуяга күбө бологон жергиликтүү тургундарга таянуу менен жазды.

"Аял үйдүн жертөлөсүндө бир ай отурган, ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери ошол жерде жашап турган", - деген жергиликтүү тургун.

Алардын айтымында, аял катуу жаракат алып, бутун бир нече жеринен жабыркаткан. Ал жертөлөдө спирт менен дарыланып, бир ай жашаган.

Акыр-аягы, чек ара тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бирок куткаруу жолу өтө кыйын болгон. Тагыраагы, ал бир нече күн бою талааларды жана саздарды аралап өтүүгө аргасыз болгон. Аял үйүнөн документи салынган сумкасын гана алып чыккан, бирок чарчагандыктан жана ыңгайсыздыктан бул нерселерди да жолдо таштоого туура келген.

Бардык кыйынчылыктарга карабай аял коопсуз жерге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан