Бүгүн, 27-мартта Египеттин Хургада шаарында бортунда орусиялык 45 жаран, анын ичинде балдар да бар саяякаттоочу батискаф чөгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ушундай эле аталыштагы мейманканага тиешелүү "Синдбад" батискафы жээктен бир чакырым алыстыкта 25 метр тереңдикте суу астында саякаттап жүргөн. Анын бортунда жаш балдар менен чогуу 45 адам болгон. Алардын баары Орусиянын жарандары.
Батискаф кырсыкка кабылып, ичине суу толо баштаган. Мындан улам 6 адам каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган. Учурда жаракат алгандар жакын жердеги мейманканаларга жана ооруканаларга жеткирилди.
Алардын баары Египетке "Biblio Globus Egypt Tours" компаниясы менен келишкен. Ал эми батисаф менен суу астында экскурсия мейманкананын өзүндө өзүнчө сатылып алынган.