УЕФА "Реалдын" Мбаппе, Винисиус сыяктуу жылдыз оюнчуларын иликтей баштады

Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычындагы "Реал Мадрид" менен "Атлетико Мадрид" командаларынын беттешинен кийин иликтөө баштады. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирди.

Кеп 12-мартта болуп өткөн Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттеши тууралуу болуп жатат. Беттеш эки оюндун жыйынтыгы менен 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Пенальтилер сериясында "Реал" мыкты болуп, 4:2 эсебинде жеңишке жетип, 1/4 финалга чыккан.

Тагыраагы, УЕФА "Реалдын" оюнчулары Винисиус Жуниор, Антонио Рюдигер, Килиан Мбаппе жана Дани Себальостун беттештен кийинки жүрүм-турумун карайт. Тергөө иштерин жүргүзүүгө этика жана дисциплинардык кызматкер дайындалды. Кеңири расмий маалымат кийинчерээк берилет.

ЖМКлардын маалыматына караганда, УЕФА "Реал Мадриддин" оюнчуларынын пенальтилер сериясында жеңишке жеткенден кийин провокациялык жүрүм-туруму боюнча иликтөө жүргүзүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан