Мьянмада болгон катуу жер титирөөдөн тарыхый имарат урады

Бүгүн, 28-март күнү түштөн кийин болгон Мьянма менен Таиланддагы 7,7 баллдык жер титирөөдөн Мьянманын Мандалай шаарындагы тарыхый имарат жарым-жартылай талкаланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Жер титирөөдөн кыйраган сарай XIX кылымдын орто ченинде курулган. Сарай Мандалайдын негизги символдорунун бири болуп эсептелет жана туристтик жай болуп саналат. Ошол эле учурда Сагаинг шаарындагы көпүрө жер титирөөдөн толугу менен талкаланган.

XIX кылымда британ колониясына киргенге чейин Мьянманын акыркы падышалыгынын ордосу болгон Мандалайда бир нече көп кабаттуу имараттар ураган. Тургундар бузулган имараттарда камалып калышы мүмкүн деген кооптонуулар күч алууда.

Жер титирөө коңшу өлкөлөрдө, анын ичинде Таиландда, Индияда жана Кытайда да сезилген. Кырсыктын толук көлөмү жана жабыркагандардын саны кырдаалдын өнүгүшүнө жараша дагы эле такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан